06:36 17 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
92 0 0

"Жайлоо бала бакчасы-2015" долбоорунун ийгиликтери, жетишкендиктери жана келечеги туурасында 8-октябрда сөз болуп, жыйынтыгы чыгарылат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. "Роза Отунбаеванын демилгеси" 2015-жылдын июнь-август айларында республиканын тоолуу аймактарында 87 өнүгүү борборлорун ачып, анда ашык малчылардын 2200дөн ашык балдары билим алды. Бул турасында аталган фонддун маалымат кызматы билдирет.

Фонддон долбоор жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жайыт комитеттеринин, чыгармачыл мекемелердин жана коомчулуктун колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашкандыгын белгилешти.

"Быйыл жайлоо бала бакчалары "Өнүгүү борборлору" деп аталып, тоодогу балдар үчүн ар кыл мастер-класстарды өткөрүүгө басым жасалды. Алардын ичинде элдик кол өнөрчүлүк, авиа моделдөө, шахмат, экологиялык сабактар, дене тарбия, сөз өстүрүү, коопсуздук эрежелери, сүрөт тартуу жана ар кыл интерактивдүү оюндар бар. Өнүгүү борборлору балдар менен гана иштебестен, ата-энелер менен да тыгыз иштерди алып барды", — деп билдиришти алар. 

Эл аралык уюмдардан келген чет өлкөлүк волонтерлор балдар менен иштеп, өз өлкөлөрүнүн тили, маданияты менен тааныштырганга мүмкүнчүлүк ачылды. Андан тышкары, тоого эс алуу үчүн барган интеллигенциянын өкүлдөрү да бул борборлорго барып, балдар менен баарлашуусуна аянтча болуп берди. 

Аталган фонд 8-октябрда "Жайлоо бала бакчасы-2015" долбоорунун ийгиликтери, жетишкендиктери жана келечеги туурасында сөз кылып, быйылкы жылдын жыйынтыгын чыгарат. Ага КРдин экс-президенти Роза Отунбаева, өкмөт мүчөлөрү, өнөктөштөр, жайыт комитеттеринин мүчөлөрү, аймактардан келген тарбиячылар катышат.

Тема боюнча

Быйылкы жайлоо бала бакчалары 2000ден ашуун бөбөктү окутту
Отунбаева Баткенде балдар жана чек арачылар менен биргеликте Океевдин тасмаларын көрөт
Белгилер:
малчы, жайлоо бала бакчалары, билим берүү, Роза Отунбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ