КМШ миссиясы: Кыргызстанда шайлоо тартиптүү жана тынч өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык байкоочулар электрондук урнаны сүрөткө тартып жатышат. Архив
Эл аралык байкоочулар электрондук урнаны сүрөткө тартып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ мамлекеттеринен келген байкоочулардын айтымында, алар биометрикалык маалыматтын негизинде шайлоо өткөрүү боюнча абдан баалуу тажрыйба алышкан.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоо биримдик менен тынч өткөнүн КМШ мамлекеттеринин байкоочулары миссиясынын башчысы Владимир Гаркун маалымат жыйында билдирди.

Жекшемби күнү өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, парламентке 14 партиянын алтоо келет. Шайлоодо 1 миллион 557 миң 442 жаран добуш берди.

КМШ миссиясы шайлоого 14-сентябрдан баштап байкоо жүргүзө баштаган. Буга 173 байкоочу катышып, анын 23ү узак мөөнөт менен иштеген.

"Биз бардык жерге эркин барып-келип жаттык. Саясий ортоктукту бекем кармадык. Көзөмөлүбүз да көз карандысыз болду", — деди Гаркун.

Ал мониторинг жүргүзүүнүн негизинде миссия мамлекеттин мыйзамдары менен таанышканын белгиледи.

"КМШ алкагында биринчи жолу өткөн биометриянын негизиндеги шайлоо биз үчүн абдан кызык болду. Эксперттер шайлоо эркин, демократиянын талаптарына ылайык өткөнүн айтышууда", — деди байкоочу.

Ал КМШ мамлекеттеринин байкоочулары иштөө жана үгүт жүргүзүүгө бирдей шарт түзүлдү деп эсептеген жети партиянын өкүлдөрү менен жолукканын кошумчалады.

"Талкуу, дебаттар, жолугушуулар жана үгүт өнөктүгү тартипте өттү", — деди миссия башчысы.

КМШ мамлекеттеринин байкоочулары техникалык мүчүлүштүктөр болгонун, бирок алар шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасир этпегенин белгиледи. Мамлекеттик каттоо кызматынын операторлорунун ишине жогорку баа берилди. Миссия кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстан 10 миң операторду даярдап чоң иш жасаганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0