Үгүт өнөктүгү маалында мыйзам бузуу боюнча 6 кылмыш иши козголду

Жазылуу
Буга чейин ИИМ ар бир мыйзам бузууга карата кескин чара көрүлөрү жөнүндө шайлоого аттанган саясий партияларга эскерткен. Андан сырткары, министрлик жалпы республика боюнча мыйзам бузуулардын алдын алуучу иш-чаралардын комплекстүү аракеттерин иштеп чыккан.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык учурунда 60 мыйзам бузуу катталып, алардын алтысына кылмыш иши козголгонун ИИМ билдирди.

Бюллетеньдерди саноо процесси. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: үгүт эрежесин бузган партияны шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин четтетсе болот
Маалыматка ылайык, Бишкектин шайлоо участкаларынын бирин жетектеген жаран мектептин завучуна карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анын айтымында, августта мектептин завучу партиялардын биринен талапкер болгон тууганына жардам берүү үчүн паспорт көчүрмөлөрүнүн жана биометрикалык маалымат тапшырганы тууралуу казагдын негизинде башка жакта катталган жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүүнү талап кылган. 

Сентябрдын ортосунда ага эркек адам чалып, жолугууну сунуштап, 15 миң сом берип, паспорттордун көчүрмөсү менен 180 адамдын атын тизмеге киргиздирүүгө аракет кылган. Мында 50 жаран башка шайлоо комиссиясында катталганы аныкталган. 

Бул боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде иликтөө жүргүзүлүп, аталган завучтун үйү текшерүүгө алынган. Ал жактан белгисиз жарандардын аты-жөнү, дареги, телефон номерлери жазылган тизме, паспорт көчүрмөлөрү, бош бланктар табылган. Ал эми партиянын штабынан завучтун "тууганына" тиешелүү кол жазмалар, паспорт көчүрмөлөрү жана башка документтер алынган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, чогулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн БШКга жөнөтүлдү. 

Дагы бир кылмыш иши эки партиянын үгүт баннерлери белгисиздер тарабынан алып салынышы боюнча козголгон. Тергөө жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Кочкор РИИБси "Республика — Ата-Журт" партиясынын эки талапкеринин бычакташуусу боюнча кылмыш ишин козгогон. 

26-сентябрда Абдыбахаповдун арызынын негизинде "Республика — Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевге карата бейбашчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК Кулматовго үгүт өнөктүгүнө кийлигишкени үчүн эскертүү берди
Мындан тышкары, Баткендин Халмион, Абсамат, Жоошук, Орозбеков, Көтөрмө айылдарында бир түндө "Кыргызстан" партиясынын 20дан ашуун үгүт баннерлерин сыйрып кетишкен. Бул боюнча жергиликтүү алты тургун кармалып, кылмыш иши козголгон. 

Аксы районунун Кербен шаарында баннерлерди сыйрып алып кеткен адамдар учурда кармалып, тергелип жатат. 

Буга чейин ИИМ ар бир мыйзам бузууга карата кескин чара көрүлөрү жөнүндө шайлоого аттанган саясий партияларга эскерткен. Андан сырткары, министрлик жалпы республика боюнча мыйзам бузуулардын алдын алуучу иш-чаралардын комплекстүү аракеттерин иштеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0