Чүй, Бишкектен аттанган ажылардын алгачкы тобу кайтып келди

© пресс-служба ДУМК КРЧүй жана Бишкек шаарынан жөнөп кетишкен зыяратчылардын алгачкы тобу Жидда — Бишкек каттамынын учагы менен түнкү саат 3:00дө борборубуздагы "Манас" эл аралык аба майданына кел
Чүй жана Бишкек шаарынан жөнөп кетишкен зыяратчылардын алгачкы тобу Жидда — Бишкек каттамынын учагы менен түнкү саат 3:00дө борборубуздагы Манас эл аралык аба майданына кел - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жалпысы 600дөй зыяратчы Меккеден ажылык милдетин аткарып, Кыргызстанга кайтып келди.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Чүй жана Бишкек шаарынан жөнөп кетишкен зыяратчылардын алгачкы тобу Жидда — Бишкек каттамынын учагы менен түнкү саат 3:00дө борборубуздагы "Манас" эл аралык аба майданына келип түштү. Бул туурасында Кыргызстан муфтиятынын маалымат кызматы билдирет.

196 зыяратчыны төрт ажы башчы коштоп келди. Учурда Кыргызстанга кайткан зыяратчылардын жалпы саны 600гө чукулдап калды. Ажылык милдетин аткаргандардын биринчи тобу Жидда — Ош аба каттамы менен түштүк борборго 28-сентябрда келип конгон.

Сауд Аравиясынан Кыргызстанга жалпысы болуп 18 каттам жасалат. Зыяратчылардын акыркы тобу 15-октябрда мекенибизге кайтып келишет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0