Кыргызстанда баарынан казакстандык жана индиялык студенттер көп

© Sputnik / Табылды КадырбековКонстантина Юдахиндин жаштар аллеясындагы эстелиги. Архив
Константина Юдахиндин жаштар аллеясындагы эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында чет мамлекеттерден келген 13 миң студент билим алат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттердин ичинен Казакстан менен Индиядан келгендер көп экенин Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Нарында ширетүүчү кесибине суроо-талап күч алды
Маалыматка ылайык, казак студенттердин саны беш миңди түзсө, индустар 2,4 миңге жетет.

Үчүнчү орунда Тажикстан турат — коңшу өлкөдөн 1,5 студент Кыргызстанга билим алууга келген. Андан кийинки орунду россиялык студенттер ээлеген.

Жалпы жонунан Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 13 миңге чукул чет элдик студент билим алат. Беш жыл аралыгында КМШ өлкөлөрүнөн келгендердин саны кыскарып, башка мамлекеттердин студенттери көбөйгөнү байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0