Таласта малды түгөлдөө октябрда башталат

Жазылуу
Малды идентификациялоо программасы менен иштөө үчүн 38 адам атайын окуудан өтөт. Андан кийин алар өз тажрыйбасын айыл өкмөттөрүнө жана республиканын ветеринардык кызматына жайылтат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргызстан боюнча малды идентификациялоо программасын жайылта турган жергиликтүү адистерди даярдай баштаганын аталган мекеме билдирди.

Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев дыйкан менен фермелерди бардык жагынан колдой турганын айтты
Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу менен жол картасына ылайык республика малды идентификациялоо аракетин башташы керек.

Маалыматка ылайык, окуудан өткөн адистер малга көзөмөл жүргүзө турган атайын программаны колдонуу ыкмаларын үйрөнүшөт. Аталган программа БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба программасынын колдоосу менен француз программисттери тарабынан түзүлгөн.

Жалпы жонунан министрлик 38 адис даярдайт. Алар программа боюнча жергиликтүү ветеринарларды жана айыл өкмөттөрүнүн операторлорун үйрөтүшөт. Октябрь айында Таласта малды идентификациялоо боюнча сынамык долбоор ишке кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0