Шайлоочуну идентификациялоочу жабдуулар чогулуп, аймактарга жөнөтүлүүдө

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЭлектрондук урналар. Архив
Электрондук урналар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терминалдын иши менен таанышып жүргөн премьер-министр биометрикалык маалымат топтоочу жабдууларды, электрондук урналарды иштетүүдө өзгөчө дыкат болууга чакырды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу терминалында биометрикалык маалымат топтоо боюнча жабдуулар чогулуп, аймактардагы шайлоо комиссияларына жөнөтүлүп жатканы Темир Сариевдин аталган мекемени кыдыруу учурунда белгилүү болду.

Сарпашев: шайлоонун жүрүшү жарандарды идентификациялоочу оператордон көз каранды
Маалыматка ылайык, терминал "Учкун" концернинде жайгашкан. Учурда терминалда Мамлекеттик каттоо кызматынан кызматкерлери эки нөөмөт менен иштеп, жаңы технологиянын негизинде өтчү шайлоого керектүү жабдууларды курап, тиешелүү абалга келтирүүдө. Андан соң аймактарга күчөтүлгөн кайтаруу менен жеткирилип жатат.

Сариев терминалдын иши менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашты. Өкмөт башчы биометрикалык маалымат топтоо менен шайлоону ачык-айкын, таза жана мыйзам чегинде өткөрүү өкмөттүн негизги милдети экенин белгилеп, мунун жоопкерчилиги жогору экенин билдирди.

Ошондой эле биометрикалык маалымат топтоочу жабдууларды, электрондук урналарды иштетүүдө өзгөчө дыкат болууга чакырды.

Келе жаткан жекшемби күнү боло турган парламенттик шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0