Координатор: Кыргызстанда радиациялык кооптуулук маселеси курч турат

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүРадиактивдуу аймак белгиси. Архив
Радиактивдуу аймак белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференциянын жүрүшүндө кыргыз делегациясы уран калдыктары сакталган объектилердин маселесин чечүүдө жана Кыргызстан калкынын өзөктүк медицина жаатында медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жардамга муктаж экенин билдирди.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Радиациялык коркунучтун алдын алуу максатында көрүлгөн улуттук жана аймактык деңгээлдеги иш-чараларга карабастан, көйгөй бүгүн да өтө курч турарын МАГАТЭнин башкы конференциясында аталган уюм менен техникалык кызматташуу боюнча улуттук координатор Үсөн Усупов билдирди.

МАГАТЭ Кыргызстандагы уран калдыктары сакталган аймактардын абалын талкуулайт
Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Вена шаарында МАГАТЭнин 59-башкы конференциясы өз ишин баштады. Маалыматка ылайык, иш-чарага 162 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Анда негизги маселе катары өзөктүк, радиациялык жана уран калдыктарын ташуудагы коопсуздук маселелери талкууланды.

Конференциянын жүрүшүндө кыргыз делегациясы уран калдыктары сакталган объектилердин маселесин чечүүдө жана Кыргызстан калкынын өзөктүк медицина жаатында медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жардамга муктаж экенин билдирди.

Усупов өз докладында өзөктүк куралды өндүрүп жана аны сыноо үчүн уран казуунун экологиялык, социалдык-экономикалык кесепеттери өтө орчундуу маселе экенин белгиледи.

"Буга улуттук жана аймактык мааниде аракеттер көрүлгөнүнө карабастан, учурдун олуттуу көйгөйү катары калууда", — деди Усупов. 

Кара-Кечеде көмүр казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диль: Кара-Кече кенин казууда экологиялык коопсуздук башкы маселе болушу керек
Мындан улам делегация жетекчиси 2013-жылдын 20-декабрында Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган БУУнун "Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтарды болтурбоо үчүн эл аралык коомчулуктун ролу" резолюциясын эске салды. Ага ылайык, Борбордук Азиядагы өзөктүк куралдан эркин аймакта уран казуу жана өзөктүк куралдын өндүрүп, сыноодо келтирилген экологиялык зыянды жумшартууга багытталган жоболор каралган. 

МАГАТЭ (Атом энергиясы боюнча эл аралык уюм) конференциясы бүгүн, 18-сентябрь күнү аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0