ЖАМК кызматкерлери коррупция менен күрөшүүнү үйрөнүп жатышат

Жазылуу
Мекеме жакын арада коррупция менен күрөшүү аракетинин жыйынтыгын жарыялоону убада кылды.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жамааты кыргыз өкмөтүнүн коррупция менен күрөшүү боюнча мыйзамдары менен токтомдорун окуп өздөштүрүп жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин жаңы төрагасы дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин жаңы төрагасы дайындалды
Дүйшөмбү күнү мекеменин борбордук аппаратынын жеке курамы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бардык мыйзамдарды, токтомдорду, буйруктарды өздөштүрүүгө киришти.

ЖАМК мекеменин иш-аракеттеринде аныкталган коррупциялык тобокелчиликтерди талдоодо. Калктын аталган мекеме кызматкерлерине болгон ишенимин арттыруу үчүн расмий сайтка коррупцияга каршы аракеттин жыйынтыгын чыгаруу чечими кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0