КТРК партиялардын дебатын түз алып көрсөтүүдө сюрприз даярдап жатат

© Илим КарыпбековДебат өтүүчү зал. Архив
Дебат өтүүчү зал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күндөн тарта мамлекеттик эки каналдын түз эфиринен саясий партиялардын дебаттары, тегерек столдору жана жекеме жеке чыгуулары башталат. Атайы бул үчүн каналдардын кабарчылары аймак тургундарынан суроолорду жыйнашкан.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясы саясий партиялардын жана алардын лидерлеринин теледебатын чагылдырууда көрөрмандарды эфир маалында гана ачыкка чыга турган бир топ сюрприздер күтүп жатканын Sputnik агенттигине КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

Карыпбековдун айтымында, дебаттарды жана тегерек столдорду өткөрүү үчүн студия жаңыртылды.

"Бул жолу башка жактан алып баруучуларды чакырган жокпуз. Кыргыз тилиндегисин Алмаз Касымалиев, орус тилинде Светалана Акматалиева алып барат. Эки тил бирдей пайдаланылат", — дейт Карыпбеков.

КТРК башчысы партиялардын телетаймашын мыкты деңгээлде өткөрүү үчүн Европанын ушул жааттагы адистери тартылган.

"Дебаттарды чагылдыруудагы дагы бир жаңылык видеосуроолор болмокчу. Аймактарга өзгөчө басым жасадык. Кабарчыларыбыз бардык облустардан видео суроолорду чогултушту. Мындан тышкары, интернеттеги расмий баракчабыздан да суроолорду топтодук. Алардын баарын өз даректерине жеткирүүгө аракет кылабыз", — деди ал.

Карыпбеков эки күндүн аралыгында партия лидерлеринин бир аянтта чогулуусу иш-чаралардын жеткен чеги болуп эсептелерин белгиледи. Ал саясатчылардын жолугушууну мушташка айлантпай, маданияттуулугун көрсөтүшөрүнө ишеним артты.

"Биз партияларга эфирдин форматы жазылган чакырууларды жөнөттүк. Биздин европалык консультанттарыбыз бардык маселе боюнча жардам берүүгө даяр", — деп кошумчалады жетекчи.

Микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саясий партиялар дүйшөмбү күнү КТРК менен ЭлТРден "кайым айтыша" баштайт
Канал түз эфирлерди уюштуруп, студияны жаңылоого рекламадан түшкөн каражатты жумшаган. Техника жаатында европалык институттар көмөк көрсөтүшкөн.

БШКнын маалыматына ылайык, партиялардын катышуусу менен өтө турган тегерек столдор КТРК каналынан 30-сентябрдан 1-октябрга чейин, ал эми ЭлТРден 14-22-сентябрь күндөрү өтөт. 

Партиялар жеке сөз менен ЭлТР каналынан 14-сентябрдан 1-октябрга чейин, ал эми КТРКдан 16-24-сентябрь күндөрү чыга алышат.

Шайлоого аттанган саясий уюмдардын дебатын КТРКдан 25-29-сентябрда, ал эми ЭлТР каналынан 26-28-сентябрь күндөрү көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0