Сариева: кайталанма мекемелерди жоюу менен мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө болот

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБилим берүү жана илим министри Элвира Сариева президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусу. Архив
Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда министр бюджеттик орундарды бөлүштүрүү системасын калыпка салуу мамлекеттин билим берүүгө жана жаңы кадрларды даярдоого жумшалган каражатын көзөмөлдөөгө шарт түзөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку окуу жайларындагы кайталанган юридикалык мекемелерди жоюу коррупцияны кыскартып, окутуучулардын айлык акысын жогорулатууга шарт түзө турганын билим берүү жана илим министри Элвира Сариева президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда билдирди.

Диний окууга берилген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариева: мектептен алган билим менен диний окууларды айырмасын ажыратып билүү керек
Чиновник жолугушуу учурунда өлкө башчысына ЖОЖдордун структурасындагы бөлүмдөрдү өзгөртүү жаатында жасалып жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, министр бюджеттик орундарды бөлүштүрүү системасын калыпка салуу мамлекеттин билим берүүгө жана жаңы кадрларды даярдоого жумшаган каражатын көзөмөлдөөгө шарт түзөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Атамбаев Кыргызстанда атаандаштыкка жөндөмдүү окуу жайлардын түзүлүшү замандын талабы экенин билдирди.

Жолугушуу учурунда өлкө башчы министр менен мугалимдердин көтөрүлө турган айлык акысын, авариялык абалда турган мектептерди оңдоо жана жаңы билим берүү мекемелерин куруу боюнча маселелерди талкуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0