Жашылча жана тоют: дыйкандар кайсыга басым жасашты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДыйкандар капуста чогултуп жатышат. Архив
Дыйкандар капуста чогултуп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитет жергиликтүү дыйкандар кайсы жашылча түрүн көп айдаганын эсептеп чыкты.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Быйылкы жылы картошка, жашылча жана тоют чөптүн көп айдалганын Улуттук статистикалык комитет өз отчетунда билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоо жеринин көбүн — 577 миң гектарды дан өсүмдүктөрү ээлеген. 332 гектар жер тоют өсүмдүктөрүнө бөлүнсө, 84 миң гектар жерге картошка айдалган.

Комитет муну менен бирге тамеки 71 пайызга жана пахта 40 пайызга аз айдалганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0