Кыргызстанда калктын 70 пайызы интернет менен камсыздалган

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКомпьютерлер. Архив
Компьютерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, республиканын байланыш тармагы өткөн жылы ички дүң продукциянын беш пайызын түзгөн.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстанда учурда калктын 70 пайызы интернет менен камсыз экенин Улуттук статистикалык комитет башкармалыгынын жетекчиси Элмира Мамбеталиева билдирди.

Милиция кызматкерлери балдарды компьютердик клубдардан издөөдө
Бүгүн, 10-сентябрда аталган мекеме Кыргызстандын январь-август айларынын аралыгындагы социалдык-экономикалык абалы талкууланган маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйында акыркы жылдары республиканын байланыш тармагындагы өзгөрүүлөр, тенденциялар белгиленди. 

Мамбеталиеванын айтымында, байланыш тармагы өткөн жылы ИДП беш пайызын түзгөн. Ал эми учурда калктын 70 пайыздан ашуун бөлүгү интернет менен камсыз болуп, аны колдонуучулардын саны төрт миллионго жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0