Кыргызстанда ашпозчу, электрчи жана сантехниктер жетишпейт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПовар на кухне. Архивное фото
Повар на кухне. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жума бою эмгек биржасынын кызматкерлери жумуш берилген жарандардын ишке орношуусун жана ал жакка ыңгайлашуусун көзөмөлдөп турат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ашпозчу, тигүүчү, электрик жана сантехниктерге суроо-талап жогору экенин Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирет.

Рабочие во дворе одного из домов. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Былтыр жаштардын эмгек биржасына алты миңге жакын аял кайрылган
Маалыматка ылайык, 9-сентябрда министрликтин эмгек биржасы "Вакансиялардын жарманкесин" өткөрдү. Иш-чараны даярдоодо эмгек биржасынын кызматкерлери жаштарды, өзгөчө өспүрүмдөрдү иш менен камсыз кылуу максатында жумуш берүүчүлөрдү жарманкеге чакырышкан. 

Натыйжада билим берүү, курулуш, тейлөө жана соода тармактарындагы мугалим, маркетолог, психолог, менеджер, бухгалтер, журналист, химик, юрист, оператор, администратор, катчы, офис-менеджерлер, дарыгерлер, сатуучу-кеңешчилер, сатуучулар, промоутер, ашпозчу, тигүүчү, бармен, официант, коопсуздук кызматкерлери, электрчи, сантехник, курулушчу сыяктуу кесиптер боюнча 600дөн ашуун бош орун аныкталган.

"Жарманкеге 257 адам келип, анын 215ине бош орундар сунушталды. Иш-чара педагогикалык билими бар жарандарга багытталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бир жума бою эмгек биржасынын кызматкерлери жумуш берилген жарандардын ишке орношуусун жана ал жакка ыңгайлашуусун көзөмөлдөп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0