Коргоо кеңеши терроризм маселесин жабык эшик артында талкуулайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКоргоо министрлигинин шеврону. Архив
Коргоо министрлигинин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын аягында өткөн коргоо кеңешинде Кыргызстандын диний багыттагы мамлекеттик саясаты талкууланган.

БИШКЕК, 10-сен. —Sputnik. Диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү бүгүн ала "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтө турган Коргоо кеңешинин отурумунун негизги маселеси болот. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ош шаарынан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: экстремизм менен терроризмге каршы түшүндүрүүлөр жүрүп жатат
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган кезектеги жыйында диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүнүн натыйжаларын арттыруу маселеси каралат. Андан сырткары, жыйындын күн тартибинде ар кыл багыттагы суроолор турат. 

Маселенин олуттуулугуна байланыштуу жыйын жабык эшик артында өтөт.

Өткөн жылы да ноябрь айында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда да жабыш эшик артында Кыргызстандын дин тармагындагы мамлекеттик саясаты талкууланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0