Шайлоочулардын саны 2 млн. 605 миң адамга жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматтарды тапшыруу. Архив
Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык райондордун акимдери 39 кошумча шайлоо участкаларынын түзүлүшү менен тийиштүү документтер толтурулуп, тизмеге кошулуп жаткандардын саны күн санап өсүп жатканын белгилешти.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Шайлоочулардын саны 2 миллион 605 миң адамга жеткенин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: тестирлөөнүн экинчи айлампасы 25-августтан 15-сентябрга чейин өтөт
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууга БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жана Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов катышты.

Жолугушуу учурунда шаардык райондордун акимдери 39 кошумча шайлоо участкаларынын түзүлүшү менен тийиштүү документтер толтурулуп, тизмеге кошулуп жаткандардын саны күн санап өсүп жатканын белгилешти.

Андан сырткары, Сарпашев "Өзүңдү тизмеден текшер" аттуу акциянын жүрүшү тууралуу айтып, эки күндүн ичинде өзүн шайлоочунун тизмесинен 20 миң адам текшергенин билдирди.

"Катышкандардын 98 пайызы өздөрүн тизмеден таап, тесттен өттү. Мындан тышкары, каттоого турбаган аймак боюнча өзүн тизмеден таппай калган шайлоочулар болду. Мындай көрүнүш добуш берүү учурунда да кайталанышы мүмкүн. Андыктан сиздер алардын шайлоо участкалары кайсы жерде экенин так түшүндүрүп беришиңиздер керек", — деди биринчи вице-премьер.

Сарпашев биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандардын да келип, тизмени текшеришкенин белгиледи. 

"Бул учурда алар 19-сентябрга чейин биометрикалык маалымат тапшырууга мүмкүн экенин, ошондон кийин алар тизмеге кире турганын айтуу керек", — деди чиновник.

Өз сөзүндө биринчи вице-премьер-министр акыркы маалымат боюнча шайлоочулардын саны 2 миллион 605 миң адамды түзгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0