Социалдык фонд: орточо пенсия 4817 сомго жетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүУлгайган аял. Архив
Улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо зарылдыгын белгилеп, анын негизги багытын талкуулады. Ошону менен бирге, социалдык милдеттемелердин сапаттуу аткарылышы мамлекеттин алдына коюлган башкы максаттардын бири экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрынан баштап пенсия көлөмү жогорулай турганын Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда билдирди.

Жолугушуу учурунда Абулгазиев мамлекеттин социалдык фондусунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

"10-сентябрдан баштап республиканын пенсионерлери көбөйтүлгөн пенсия ала башташат. Пенсиянын орточо көлөмү жогорулатылгандан кийин 4817 сомду түзөт", — деди мекеменин төрагасы.

Өлкө башчысы пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо зарылдыгын белгилеп, анын негизги багытын талкуулады. Ошону менен бирге, социалдык милдеттемелердин сапаттуу аткарылышы мамлекеттин алдына коюлган башкы максаттардын бири экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0