Министрлик: иш орундун тартыштыгынан ишкана ээлери жумушчуларды кор кылып жатат

Жазылуу
Кыргызстанда көп сандагы жумуш ордун камсыздай турган ишкана болбогондуктан, чет өлкөгө барып иштөөгө мажбур болгон адамдар арбын.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Иш орундардын жетишсиздигинен жана жумушсуздардын көптүгүнөн пайдаланып, иш берүүчүлөр айлык акысын аз өлчөмдө төлөшү мүмкүндүгүн Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев конференцияда билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын 70 миң кыргызстандык эмгек рыногуна чыгат. Кыргызстанда көп сандагы жумуш ордун камсыздай турган ишкана болбогондуктан, чет өлкөгө барып иштөөгө мажбур болгон адамдар арбын.

"Иш берүүчүлөр кол алдындагы кызматкерлерин пайдаланып жатышат. Айлыктарын бир нече айлап беришпейт. Мисалы, Россияда жумушчуну ишке мыйзамсыз алганы үчүн 800 миң рубль өлчөмүндө айып пул каралган. Бирок бул сумма да айрымдарды айбыктырган жок", — деди атка минер.

Асанбаев жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү жана жумушчу орундарды түзүү менен, кырдаалды жөнгө салууга боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0