Кыргызстандагы ар бир алтынчы компания чет элдик инвесторлор тарабынан негизделген

© Sputnik / Табылды КадырбековФилармониянын алдынан Бишкеке көрүнүш. Архив
Филармониянын алдынан Бишкеке көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуанчжоу шаарындагы (Кытай) консалтингдик компаниянын кызматкери, кыргызстандык Эдилбай Турдуматовдун айтымында, буга өлкөнүн мыйзамдарынын либералдуулугу шарт түзүп жатат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы ар бир алтынчы компания чет элдик капиталдын жардамы менен ачылганын Адилет министрлиги Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, 58 миң юридикалык тараптын 10 миңинин курамында чет элдик жарандар бар.

Гуанчжоу шаарындагы (Кытай) консалтингдик компаниянын кызматкери, кыргызстандык Эдилбай Турдуматовдун айтымында, буга өлкөнүн мыйзамдарынын либералдуулугу шарт түзүп жатат.

"Кыргызстан өз имиджи үчүн иштеши керек. Көпчүлүгү биздин өлкө тууралуу угушкан да эмес. Кыргызстанга кызыгып калган ишкерлер биздеги революциялар тууралуу маалыматтарга туш келишет. Ишкерлерди бизде абал туруктуу экенине түрдүү жолдор менен ишендириш керек", — деди ал.

Турдуматов белгилегендей, чет элдик инвесторлорду тартууда калыптанып калган долбоорлор жана идеялар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0