11:35 27 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык – 2015 (42)
5810

Медина шаарына Кыргызстандан 400 адам Ош жергесиненен сапар алышып, биринчи каттам Ошто жасалган.

БИШКЕК, 28-август — Sputnik. Бишкек шаарынан биринчи ирет учкан зыяратчылардын тобу кечээ Медина шаарына жөнөп кетишти. Бул туурасында, Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Топ исламдын беш парзынын бири болгон ажылык милдетин аткарам деген 200 зыяратчыдан жана аларды коштогон төрт ажы башчыдан турду. Ар бир топто 49 киши жана бир ажы башчы болуп, алардын коопсуздугуна, саламаттыгына жана ажылык амалдарынын толук аткарылышын көзөмөлдөшөт. 

Кыргызстандан барышкан зыяратчыларды 2015-жылдагы убактылуу Республикалык штабдын мүчөсү, КМДБнын фатва бөлүмүнүн жетекчиси Шергазыев Жоробай ажы тосуп алып, аларды мейманканаларга жайгаштырмакчы. 

Быйылкы жылы Кыргызстанга Сауд Арабиясы 3685 квота бөлүп берген. Медина шаарына Кыргызстандан 400 адам Ош жергесиненен сапар алышып, биринчи каттам Ошто жасалган. Азыркы күндө 2400 зыяратчыга виза алынып, өздөрүнү рейстерин күтүшүүдө. Быйылкы жылы зыяратчыларды Сауд Арабиянын Флай-Нас авиакомпаниясы ташууда.

Тема:
Ажылык – 2015 (42)

Тема боюнча

Ажылыкка аттангандардын биринчи тобу эртең Ош шаарынан учат
Ажы сапарына аттангандардын эң улуусу 93 жаштагы баткендик аксакал
Белгилер:
ажылык сапар, Ажылык, Сауд Аравиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ