Президент: келечекте пайдасы тийбеген дипломдорду берүүнү токтотуу керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев билим берүү кызматкерлеринин ӀӀӀ съездинде.
Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү кызматкерлеринин ӀӀӀ съездинде. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев мамлекет жаңы товарлар менен технологияларды түзүп, жаңы компьютердик программаларды жаза алган, экономикалык теорияларды иштеп чыгууга жөндөмдүү адистер менен эл аралык экономикалык атаандаштыкка туруштук бере аларын белгиледи.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жогорку окуу жайлары мамлекет муктаж болбогон кесиптерге студенттерди бюджеттик негизде окутуу үчүн массалык түрдө кабыл алып жатканын президент Алмазбек Атамбаев билим берүү кызматкерлеринин ӀӀӀ съездинде билдирди.

Анын айтымында, мындай окууларга студенттер билим алуу үчүн эмес, жогорку билим туурасындагы диплом алуу үчүн гана барышат. 

"Эптеп эле диплом алуу үчүн окууну бүткөндөр кийин ата-энелери, жакындарынын аркасы менен майлуу-сүттүү орундарга отуруп калышат. Ачык айтайын, мындай коомдун келечеги жок. Биз мындай массалык дипломдорду чыгарууну токтотушубуз керек", — деди өлкө башчы.

Билим берүү кызматкерлеринин ӀӀӀ съезди башталды
Атамбаев мамлекет жаңы товарлар менен технологияларды түзүп, жаңы компьютердик программаларды жаза алган, экономикалык теорияларды иштеп чыгууга жөндөмдүү адистер менен эл аралык экономикалык атаандаштыкка туруштук бере аларын белгиледи.

Билим берүү системасында жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-2016-жылдарга карата өнүгүү багытын аныктоого багытталган билим берүү кызматкерлеринин ӀӀӀ съезди эки күнгө созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0