60 жаштан ашкандар эски үлгүдөгү паспортторун каалаган учурда алмаштыра алат

Жазылуу
Буга чейин 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор 1-сентябрдан тарта жараксыз боло турганын Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова билдирген.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Көптөгөн суроолор пайда болуп жаткандыктан 60 жашка чыккан жарандар эски үлгүдөгү паспортун жаңы паспортко каалаган убагында алмаштыра алат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова Sputnik кабарчысына эски үлгүдөгү (1994-жылкы) паспорт 1-сентябрдан тарта жараксыз боло тургандыгы жөнүндө токтом чыкканын ырастаган. Паспорттор жараксыз боло турган болсо, пенсиясын ала албай калуудан корккон пенсионерлер шашылыш түрдө паспортторун алмаштыруу аракеттерин көрүшкөн.

Сариев паспорт алууга кезекте турган пенсионерлер үчүн Каттоо кызматын зекиди
Sputnik агенттигинин кабарчысы Калкты тейлөө борборунда кезек күтүп турган пенсионерлерди тартып алган. Кары адамдардын арасында эски үлгүдөгү паспорттордун жоюулушу менен "пенсиясы жок" калгандан корккондор көп эле. Борбордогу кезектин көптүгүн пенсионерлер ушул нерсе менен түшүндүрүшкөн.

Мындай абалдын жаралышын өкмөт башчы катуу сынга алып, Алина Шаиковага абалды жөнгө салууну тапшырган

1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду 2004-жылкы үлгүдөгү ID-картка бекер алмаштырууну каалаган жарандар катталган аймагындагы паспорт бөлүмдөрүнө кайрылып, Социалдык фонд тарабынан берилген ПИН-кодду жана 4х6 өлчөмүндөгү эки сүрөт тапшырышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0