Кыргызстан адам капиталы боюнча дүйнөдө 44-орунда турат

© Sputnik / Табылды КадырбековСелфи кылып аткан кыздар. Архив
Селфи кылып аткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мында мамлекеттер адам капиталынын индекси — жашоо деңгээли, сабаттуулугу, билим деңгээли, калктын жашоо узактыгы болуп жалпысынан 46 көрсөткүч боюнча каралат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстан адам капиталы боюнча дүйнөдө 44-орунду ээлегенин Улуттук стратегиялык илимий институту билдирет.

Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жылдан жылга жашоо үчүн коопсуз өлкө деген тизмеге көтөрүлүүдө
Маалыматка ылайык, изилдөө Дүйнөлүк экономикалык форум тарабынан Mercer компаниясы менен биргеликте жасалып, адам капиталынын өнүгүшү туурасындагы жылдык отчетунда жарыяланган. 

Мында мамлекеттер адам капиталынын индекси — жашоо деңгээли, сабаттуулугу, билим деңгээли, калктын жашоо узактыгы болуп жалпысынан 46 көрсөткүч боюнча каралат. 

Кыргызстан 124 өлкөнүн ичинен 44-орунду ээлеп, жогорку көрсөткүчтүү мамлекеттердин 35 пайызына кирген. Мында Россия 26-орунда, Казакстан 37-орунда турат. Изилдөө боюнча адам капиталынын жогорку көрсөткүчү Финляндияда катталган. АКШ 17-орунда турса, Германия 22-орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0