ИИМ митингдердин чет элдиктер тарабынан каржыланышына бөгөт коёт

Жазылуу
Министрлик "Тынч жыйындар жөнүндө" мыйзамга митингдерди жеке эсебинен уюштуруу каралган оңдоп-түзөөлөрдү киргизүүнү демилгелөөдө.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги парламент тарабынан 2012-жылы кабыл алынган "Тынч жыйындар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат. Мыйзам долбоору өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган.

Спикер парламента Асылбек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Төрага чет мамлекеттер каржылаган ЖМКларды тартипке чакырууну талап кылды
Мыйзам долбоорунда тынч жыйындар уюштуруучулардын жана ага катышкандардын жеке эсебинен уюшулушу керектиги каралган. Мында акция уюштуруучусу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына иш-чараны каржылай турган адамдардын саны көрсөтүлгөн маалымат бериши керек.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоор боюнча тынч жыйындардын чет мамлекеттер, чет элдик жеке жана юридикалык жактар тарабынан каржыланышына, иш-чаранын катышуучуларына аталган адамдардан каражат алуусуна тыюу салынат. 

Мыйзам бузгандарга министрлик жарандар үчүн 2000 сом, ал эми кызмат адамдарына 5000 сом каралган административдик айып пул салууну сунуштоодо.

ИИМ бул мыйзам долбоордун зарылдыгын мамлекеттеги абалды туруксуздаштырууга жол бербөө, улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо менен түшүндүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0