Жарым жыл ичинде кыргыз кафе-ресторандарында кардарлар 2,3 миллиард сомго тамактанышкан

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүРесторандын жумушчулары. Архив
Ресторандын жумушчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитет кыргызстандыктардын эс алуулары канчага турарын эсептеп чыккан.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи дарым жылдыгында кыргызстандыктар менен өлкөгө келген меймандар кафе-ресторандарга 2,3 миллиард сом коротконун Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулматов: "Нарын" сыяктуу ресторандын шаарга кереги жок
Маалыматка ылайык, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу беш пайызга көп көрсөткүч.

Жергиликтүү мейманканалар менен отелдер кардар эсебинен алты ай аралыгында 986 сомго маарыган. Ал эми былтыркы жылдын ушул мезгилинде бул сумма 10 пайызга төмөн болгон.

Республикада мейманкана жана ресторандык кызматты 98 миң компания көрсөтөт. Анын дээрлик 90 пайызы жеке менчик болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0