Кыргызстан "Астана ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнө катышууга макулдугун берди

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАстанадагы президенттин сарай имараты. Архив
Астанадагы президенттин сарай имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда көргөзмөнүн негизги тематикасынан тышкары экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөр, иш-чарага катышкан мамлекеттердин бизнес өкүлчүлүктөрүнүн өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөрү макулдашылды.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык "Астана ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнө катышат. Тиешелүү документке КРдин Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев менен Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары, "Астана ЭКСПО —2017" көргөзмөсүнүн комиссары Рапиль Жошыбаев кол койгонун мекеменин маалымат кызматы билдирет. 

Кыргызстан "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүндө гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт
Казакстанда "Келечектин энергиясы" деген аталыш менен өтө турган ири эл аралык ЭКСПО көргөзмөсү 2017-жылдын 10-июнунан 10-сентябрына чейин уланат. Иш-чарага 100гө жакын өлкө жана эл аралык уюмдар катышары күтүлүүдө. 

Жолугушуу учурунда Жошыбаев көргөзмө көп мамлекеттердин кызыгуусун жаратып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Шаршекеев ири эл аралык иш-чарага чакырганы үчүн комиссариатка ыраазычылык билдирди. 

"Кыргызстандын жашыл энергетикасын өнүктүрүүгө кеңири шарты бар. Тоо, көл жана суу ресурстары энергиянын альтернативалуу булактарын ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай жетишкендиктер "ЭКСПО-2017" сөзсүз көргөзмөсүндө айтылышы керек", — деди мекеме жетекчиси.

Жолугушууда көргөзмөнүн негизги тематикасынан тышкары экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөр, иш-чарага катышкан мамлекеттердин бизнес өкүлчүлүктөрүнүн өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөрү макулдашылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0