Министрлик: Боом капчыгайында эшилип түшкөн кум, шагыл кечке дейре тазаланат

© Фото / Бекжан СагынбаевОбвал в Боомском ущелье
Обвал в Боомском ущелье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Капчыгайдагы жол жабык. Алдын ала маалыматтар боюнча кум, шагылдын түшүшүнө жер алдындагы суулар себеп болгонун Транспорт жана байланыш министринин орун басары Улан Уезбаев билдирди.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Боом капчыгайындагы жол жабык, жолду тосуп калган кум, шагыл кечке дейре тазаланат. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министринин орун басары Улан Уезбаев Sputnik агенттигине билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, Боом капчыгайына түшкөн кум, шагыл жолду жаап калып, автотыгынды жараткан. Кум, шагыл Бишкек – Балыкчы жолунун 131-чакырымына түшкөн.

"Капчыгайдагы жол жабык. Алдын ала маалыматтар боюнча кум, шагылдын түшүшүнө жер алдындагы суулар себеп болгон", — деди Уезбаев.

Анын айтымында, кум, шагылды тазалоо үчүн беш техника иштеп жатат. Дагы кошумча эки техника жөнөтүлөт.

Боомдогу окуяга байланыштуу премьер-министр Темир Сариев шашылыш жыйын өткөрүп, маселени чечүү боюнча тиешелүү министрликтерге тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0