Салык кызматы кыргыз-казак чек арасында күнү-түнү кезмет уюштурмакчы

Жазылуу
Чек арадан жеңил автоунаа, мотоцикл же мопед аркылуу жеке пайдалануучу товарларды алып өткөн жеке жактар талон толтуруп тапшырууга милдеттүү эмес.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 12-августунан тартып кыргыз-казак чек арасынын өткөрүү пункттарында күнү-түнү кезмет уюштурууга өтүүдө. Бул Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүү чегинде кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүнүн алып салынганына байланыштуу болду.

"Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып эки жуманын ичинде, бекитилип берилген сегиз автомобилдик өткөрүү пункттарында аймактык салык органдарынын кызматкерлери, белгиленген графикке ылайык нөөмөт менен күнү-түнү кезметке турушат", — деп айтылат салык кызматы тараткан кабарда.

Кезметчилик салыкчылар тарабынан чек арачылардын жана салык төлөөчүлөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүү үчүн уюштурулган. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө мамлекеттик чек ара аркылуу автоунаалар менен жүктөрдү ташуу эсепке алынат. Мамлекеттик көзөмөлдөн өткөнү тууралуу талонду толтуруу жана тапшыруу тартиби көрсөтүлүп берилет. 

"Кыргызстандын ЕАЭБге кошулгандыгына байланыштуу кыргыз-казак чек арасы ачылгандан кийин жаңы эреже иштеп баштайт. Ишкердик менен алектенген уюмдар жана жеке жактар чек ара аркылуу товарларды унаа каражаттары менен ташууда Мамлекеттик көзөмөлдөн өтүү жөнүндө талонду толтурууга тийиш", — деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматы.

Жеңил автоунаа, мотоцикл же мопед аркылуу жеке пайдалануучу товарларды алып өткөн жеке жактар талонду толтурууга жана тапшырууга милдеттүү эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0