Билим берүү министри мектепте хижап кийүү боюнча пикирин билдирди

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүХижап кийинген окуучу. Архив
Хижап кийинген окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариева муфтий, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мектепке хижап кийүүгө болбой тургандыгын айтканын билдирди.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева окуучулардын мектепке хижап кийип келиши боюнча өзүнүн пикирин билдирди.

Анын айтымында, министр өкмөттүн мүчөсү болгондуктан, анын ою да министрлер кабинетинин жетекчисинин пикирине үндөш. 

"Премьер светтик өлкөдө светтик негиздер болушу керектигин айтты, бирок ошону менен катар эле диний көз караштарды да урматтоо керек. Мектептин алкагында, мектеп формасы стандарттуу түрдө бекитилген соң, аны окуучулар да карманышы керек ", — деди Сариева.

Сариева муфтий, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мектепке хижап кийүүгө болбой тургандыгын айтканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0