Жарандардын укуктарын коргоо ченемдери Конституцияга шайкеш келтирилди

Жазылуу
Өлкө башчысы Жазык-процесстик кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев "КР Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамдын максаты — КР Жазык-процесстик кодексинин жарандардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ченемдерин Конституцияга шайкеш келтирүү. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0