Кыргызстан "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүндө гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт

Жазылуу
Эл аралык "Экпо" көргөзмөсү 2017-жылы Астана шаарында өтө турганы мындан төрт жыл мурун, 2011-жылы Эл аралык көргөзмөлөр бюросунун штаб-квартирасында белгилүү болгон. Анда Казакстан жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында көргөзмө өткөрүүгө дагы бир талапкер Бельгиядан озуп чыккан.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстан үчүн Эл аралык "Экспо-2017" көргөзмөсүнө катышуу чоң мааниге ээ экенин вице-премьер-министр Валерий Диль аталган көргөзмөгө даярдануу иш-чарасына арналган жыйын учурунда билдирди.

Астана шаарында "Келечектин энергиясы" деген ураандын алдында өтө турган эл аралык "Экспо-2017" көргөзмөсү эки жылдан кийин 10-июнунан баштап 10-июлга чейин болот. 

"Кыргыз павильонун мамлекеттин гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүнө жана энергия булактарынын жаңыртылышына басым жасоо менен даярдоо зарыл. Бул потенциал туура пайдаланууда бүтүндөй Борбордук Азиянын муктаждыгын канааттандырууга жетет", — деди чиновник.

Вице-премьердин айтымында, Астанада өтө турган көргөзмө бардык континенттерден келген ишкерлердин башын бириктирет.

"Көргөзмөгө катышуу Казакстандын ишкерлери менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дал ушул ири иш-чарада чек арадагы сууларды өз ара пайдалуу колдонуунун келечегин талкуулоого шарт түзүлөт", — деди Диль.

ЭКСПО-2015: италиялыктардын оозун ачырган кыргызстандыктар
Жыйын жыйынтыгы менен вице-премьер тийиштүү мамлекеттик органдарга жана Соода-өнөр жай палатасына Кыргызстандын "Астана Экспо-2017" көргөзмөсүнө катышуусуна даярдык көрүүнү жана уюштуруучулук-финансы маселелерин чечүүнү тапшырды.

Эл аралык "Экспо" көргөзмөсү 2017-жылы Астана шаарында өтө турганы мындан төрт жыл мурун, 2011-жылы Эл аралык көргөзмөлөр бюросунун штаб-квартирасында белгилүү болгон. Анда Казакстан жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында көргөзмө өткөрүүгө дагы бир талапкер Бельгиядан озуп чыккан.

Быйыл бул көргөзмө Италиянын Милан шаарында өтүп, эстафетаны Түркиянын Анталия шаарына өткөрүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0