КР танкачылары жарым финалга чыгышы мүмкүн

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТанк биатлонунун Кыргызстандын катышуучулары. Архив
Танк биатлонунун Кыргызстандын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы штабдын өкүлүнүн пикиринде, экинчи экипаж мелдештин жүрүшүнтө жакшы көрсөткүчтөргө жетти. Бардык буталарды таамай атып, тоскоолдуктардан эпчилдик менен, эч эскертүүсъз өттү.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандын танкачыларынын танк биатлону  боюнча жарым финалга чыгууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Бул туурасында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн  Башкы штабынан билдиришти. 

КР танкачылары биатлондо бардык буталарды таамай атып, ийгиликке жетти
4-августта Москванын алдындагы Алабинодо  танк биатлону боюнча чемпионат өтүп, анда жеке жарыштар боюнча экинчи мелдеш аяктады.1-августта башталган чемпионат, 15инде соңуна чыгат.  Ага Россия, Казакстан, Кыргызстан, Индия, Ангола, Никарагуа, Сербия, Кытай, Венесуэла, Пакистан мамлекеттеринин аскерлери катышып жатат.  

Кыргызстандыктардын экипажы төрт танкачылардан турат. 

Башкы штабдын өкүлүнүн пикиринде, экинчи экипаж мелдештин жүрүшүнтө жакшы көрсөткүчтөргө жетти. Бардык буталарды таамай атып, тоскоолдуктардан эпчилдик менен, эч эскертүүсъз өттү. Экинчи айлампанын жыйынтыгы боюнча алганда, команданын жарым финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Эми баары үчүнчү экипаждын, 6-августтагы көрсөткөн чеберчилигине жараша болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0