"Датка-Кемин" электр линиясы үчүн 405 чакырым электр зым тартылды

Жазылуу
Учурда 500 кВ "Кемин" подстанциясынын курулушу аяктап, 929 тирөөч орнотулду. Калган 120 тирөөчтү жерге орнотуу иштери жүрүп, 25 тирөөчкө чиркелүүчү арматуралар менен изоляторлор монтаждалып жатат.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. "Датка — Кемин" электр линиясы үчүн 405 чакырым электр зымын тартуу иштери аягына чыкканын "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ишканасы билдирди.

"Датка — Кемин" электр линиясы үчүн акыркы тирөөч орнотулуп бүттү
500 киловольттуу "Датка — Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы түштүктөгү "Датка" жана түндүктөгү "Кемин" подстанцияларын туташтырат. Линияны куруу иштери деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктикте жайгашкан Кырк-Кыз, Тер-Жайла, Кызарт, Шылдырак ашууларында жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, Учурда 500 киловольттуу "Кемин" подстанциясынын курулушу аяктап, 929 тирөөч орнотулду. Калган 120 тирөөчтү жерге орнотуу иштери жүрүп, 25 тирөөчкө чиркелүүчү арматуралар менен изоляторлор монтаждалып жатат.

Бүгүнкү күндө "Датка — Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын курууда 737 адам, 230 атайы техника тартылган. 

Келишимдин жалпы суммасы 390 миң долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0