Соң-Көлдөгү фестивалда чет элдик туристтер үчүн төрт котормочу-гид иштейт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Соң-Көлдөгү фестивалда чет элдик туристтер үчүн төрт котормочу-гид иштейт
Соң-Көлдөгү фестивалда чет элдик туристтер үчүн төрт котормочу-гид иштейт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соң-Көлдөгү улуттук оюндардын фестивалында Манас жана анын 40 чоросунун элесин берген 50ге жакын атчандар тобу иштемекчи.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда 1-2-августта "Манас. Маданият. Туризм" деп аталган фестиваль өтөт. Бул туурасында Sputnik маалымат сайтына райондун администрациясынан билдиришти.

Фестивалдын алкагында "Манас" эпосунун айтуучулар арасында конкурс уюштурулат. Андан сырткары, кыргыз улуттук оюндарынын бардык түрлөрү жана ат оюндары көрсөтүлөт, кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү өтөт. 

"Фестивалдын максаты — аймакка туристтерди тартуу. Турфирмалар менен сүйлөшүлүп, Кыргызстанга келген туристтер Соң-Көлдөгү оюнду көрүп кетүүгө чакырылды. Алар үчүн чет тилдерин мыкты билген төрт котормочу-гиддерди даярдап койдук", — деп билдиришти райондук акимчиликтен.

Акимчиликтен элдик каада-салт, оюндарды көрсөтүү үчүн Соң-Көлгө 13 боз үй тигилип, Манас жана анын 40 чоросунун элесин берген 50ге жакын атчандар тобу иштерин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0