Кыргызстан жылдан жылга жашоо үчүн коопсуз өлкө деген тизмеге көтөрүлүүдө

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүУлуттук кийим кийген кыздар. Архив
Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингде Кыргызстан 162 орундун ичинен Гвинея-Бисау менен Мавританиянын ортосунан орун алып, быйыл 121-баскычта турат. Былтыр мамлекет 130-орунда болчу.

БИШКЕК, 25-июль — Sputnik. Global Peace Index изилдөөсүндө коопсуз жашоо боюнча Кыргызстан 121-орунду ээлеген.

Global Peace Index 2007-жылдан бери рейтинг түзүп келет. Ал мамлекеттеги зордук-зомбулук жана кылмыштуулук деңгээли жана коңшу мамлекеттер менен болгон мамиле, ошондой эле аскердик чыгым сыяктуу 23 фактордун негизинде түзүлөт.

Кыргызстан — туристтер үчүн коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирди
Рейтингде Кыргызстан 162 орундун ичинен Гвинея-Бисау менен Мавританиянын ортосунда 121-орунду ээлеген. Былтыр мамлекет 130-орунда болсо, 2013-жылы 133-орунда турган. 

Өтө кооптуу өлкөлөр катары Сирия, Ирак жана Афганистан таанылган.

Жашоо үчүн коопсуз мамлекеттердин эң алдында Испания турат. Андан кийин Дания, үчүнчү орунда Австрия жайгашкан. 

АКШ аталган рейтингдин 94-ордун ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0