Ниязалиева: саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилигине даярдыгы жок кадрлар келүүдө

Жазылуу
Вице-премьер Улуттук онкология борбору, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө, Курортология институттарынын жетекчилери боюнча маселе ушу убакка чейин чечилбегенин, бул өз кезегинде аталган мекемелердин ишин үзгүлтүккө учуратып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Саламаттык сактоо мекемелеринин иши калктын басымдуу бөлүгүн канааттандырбай турганын вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева министрликтин жана Милдеттүү түрдө камсыздандыруу фондунун (МКФ) коллегия жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги менен МКФ тийиштүү деңгээлде иш алып бара албай жатканы байкалууда.

"Өкмөткө жөнөтүлгөн 12 долбоордун үчөө гана жактырылды, калган тогузу кайра иштеп чыгуу үчүн министрликке кайтарылган", — деди Ниязалиева.

Вице-премьер элден жана медициналык кызматкерлерден көптөгөн терс маанайдагы кайрылуулар түшүп жатканын белгиледи.

"Жарым жылдын ичинде саламаттык сактоо мекемелеринин 26 жетекчиси кызматтан алынып, алардын ордуна даярдыгы жок адамдар келүүдө. Кадрларды сынак аркылуу тандоо эмне себептен жокко чыгарылганы тууралуу түшүндүрмө берилген эмес", — деди чиновник. 

Мындан тышкары, Ниязалиева Улуттук онкология борбору Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө, Курортология институттарынын жетекчилери боюнча маселе ушу убакка чейин чечилбегенин, бул өз кезегинде аталган мекемелердин ишин үзгүлтүккө учуратып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0