"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" мыйзамды өзгөртүүнү президент колдоду

Жазылуу
Мыйзам интеллектуалдык менчик тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Аталган мыйзам мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле салттуу билимдер жаатындагы укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерди жөнгө салат. Мындан тышкары, интеллектуалдык менчик тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктарын жана милдеттерин аныктайт. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0