Мелис Мырзакматов сыртынан 7 жылга кесилип, эл аралык издөөгө алынды

Жазылуу
Мырзакматов Ош шаарындагы асма көпүрөөнү курууда коррупциялык иштерге барган деп шектелген. 2014-жылдын ноябрь айында Ош шаардык соту аны Кылмыш жаза кодексинин "Кызматтык абалынан пайдаланган" деген беренеси боюнча айыптуу деп таап, камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок ал өлкөдөн чыгып кеткенге үлгүргөн.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри, "Улуттар Биримдиги" саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Ош шаардык соту тарабынан сыртынан  жети жылга кесилип, эл аралык издөөгө алынды.

Эске салсак, Мырзакматов шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда коррупциялык жолдорго барган деп шектелген. 2014-жылдын ноябрь айында Мырзакматов Кылмыш жаза кодексинин "Кызматтык абалынан пайдаланган" деген беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын камакка алынсын деп чыгарып, издөө жарыялаган. Бирок Мырзакматов өлкө аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Белгилей кетсек, жакында эле "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Улуттар Биримдиги" саясий партиясы менен бириге турганын жар салган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0