Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иштер жазаланат

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүЖУмушка орношуу боюнча стенд. Архив
ЖУмушка орношуу боюнча стенд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамсыз аракет администрациялык жаза колдонулгандан кийин кайра кайталанса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттан ажыратуу чарасы каралат.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. 

Мыйзамдын максаты жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн администрациялык жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Таласта коомдук жумуш акысына азык-түлүк берилет
Мында аныкталган мыйзамсыз иштер боюнча үчүн айып пул көбөйтүлөт жана жарандарга салынчу администрациялык айыптын көлөмү так белгиленет. 

Аталган берене экинчи бөлүк менен толукталат. Анда ошол эле мыйзамсыз аракет администрациялык жаза колдонулгандан кийин кайра кайталанса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттан ажыратуу чарасы каралат.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш  2015-жылдын 17-июнунда кабыл алган.

Ал расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0