Алкоөндүрүүчүлөр финпол менен бирге контрафактыга согуш жарыялады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАрак бөтөлкөлөрдө. Архив
Арак бөтөлкөлөрдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар бири-бирине маалыматтык-консультациялык материалдарды берүү, аткезчилик фактыларын аныктоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, контрафактылык жана жасалма алкоөндүрүмдү сатууга жол бербөө тууралуу макулдашышты.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Алкоголдук өндүрүм чыгаруучулар, экспорттоочу жана импорттоочулар ассоциациясы Финансы полициясы менен контрафактылык алкоголь өндүрүмүнө каршы күрөшүүдө кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Нарында контрафактылык 10 миңден ашуун бөтөлкө ичимдик табылды
Ага ылайык, контрафактылык өндүрүмдү чыгаруу жана сатууга, ошондой эле коомчулукка терс таасирин тийгизген бул тармактагы мыйзам бузууларга каршы бирдиктүү иш жүрөт.

Финансы полициясынын төрагасы Бактыбек Аширов документке кол коюп жатып аталган окуянын социалдык маанисин жана анын коомго терс тийгизген таасирин белгилеп өттү.

"Мамлекетке экономикалык жоготууларды алып келген алкоголдук продукцияны көмүскө өндүрүү жана сатуунун көлөмүн азайтып, келечекте таптакыр жок кылуу зарыл", — деди ал.

Ассоциациянын президенти Акылбек Кунакунов өз кезегинде аталган макулдашуунун маанилүүлүгүн билдирди.

Тараптар бири-бирине маалыматтык-консультациялык материалдарды берүү, аткезчилик фактыларын аныктоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, контрафактылык жана жасалма алкоөндүрүмдү сатууга жол бербөө тууралуу макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0