Чүй менен Таласта электр энергиясынын абалы жакшырат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана 10/0,4 кВ чыңалуудагы 61 кошумча трансформаторлуу чордонду жана 45 миң электр энергиясын эсепке алуу менен маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасынына кошулган эсептегичтерди орнотууну пландоодо.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында "Түндүк электр" ишканасынын капиталдык салымынын жалпы көлөмү 224,2 миллион сомду же пландын 99 пайызын түзгөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында 98 чакырымга жакын 10-6/0,4 кВ аба электр өткөргүчтөрү пайдаланууга киргизилип, 10/0,4 кВ 21 кошумча трансформаторлуу чордон орнотулду. Мындан тышкары, 10/0,4 кВ чыңалуусундагы 22 трансформатордун кубаттуулугу жогорулады. 

Провода для электролинии. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
"Түндүк электр" ишканасынын ишин жакшыртуу үчүн ЭӨА 25 млн. доллар берет
Борбор калаа жана Чүй облусу боюнча 35/10 кВ чыңалуусундагы төрт жогорку вольттогу көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. 

"2015-жылы "Түндүк электр" ишканасы 10/0,4 кВ чыңалуусундагы 90 чакырым аба электр чубалгысын, 0,4 кВ чыңалуусундагы 100 км аба электр чубалгысы өзүн изоляциялаган зымды колдонуу менен 10/ 0,4 кВ чыңалуусундагы кабелдик өткөргүчтөрдү реконструкциялоону максат кылууда", деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан сырткары, ишкана 10/0,4 кВ чыңалуусундагы 61 кошумча трансформаторлуу чордонду жана 45 миң электр энергияны эсепке алуу менен маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасынына кошулган эсептегичтерди орнотууну пландоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0