Адаттан тыш ысыктан улам бүгүн Кыргызстанда иш күнү эки саатка кыскарды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСаат. Архив
Саат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү ӨКМ абанын температурасы 45 градуска жете турганын маалымдады.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Адаттан тыш ысык жана майрамдан улам бүгүн Кыргызстанда иш күнүн эки саатка кыскартуу чечими кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мусулмандар намаз убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айт намаздын программасы белгилүү болду
ӨКМ жакынкы күндөрдө абанын температурасы 45 градуска жете турганын маалымдаган. Ошону менен бирге эртең республика боюнча майрамдык Айт намаз өтөт. 

Буга байланыштуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги иш күнүн бир саатка кыскартууну сунуштаган. Мындан тышкары Эмгек кодекси майрам алдында иш күнүн бир саатка кыскартууга уруксат берет.

Иш күнүн кыскартуу боюнча буйрукка премьер-министр кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0