Кыргызстандыктар дагы үч каналды бекер көрө алышат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСыналгы. Архив
Сыналгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык пакетке дагы үч канал – "Спорт", "Музыка", "Здоровье" (Ден соолук) кошулду. Ошондой эле, бекер ресиверлерди таратуу да каралууда.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Санариптик телеберүүгө өтүүдө кыргызстандыктар үчүн түзүлгөн социалдык пакетке дагы үч канал кошула турганын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди. Анын айтымында, "Музыка" каналы социалдык пакетке кирген, ал эми "Спорт" (КТРК) жана "Здоровье" (Ден соолук) (ЭлТР) каналдары ушул жылдын күзүндө кирет.

ЭлТР" санариптик ТВга өтүүгө өз эсебинен 5 млн сом бөлдү
РПО РМТРдин башкы директору Бакыт Шаршембиевдин айтымында, санариптик берүүнү кошкон Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары социалдык пакеттеги 9 каналды жана экинчи мультиплекстеги 10 каналды көрө алат. Анын ичинде Россиянын Биринчи каналы жана РТРде бар.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Эрнис Мамырканов тендер өткөрүлүп, 8000 даана ресивер сатылып алынганын айтты. Учурда аларды бөлүштүрүү процедуралары аныкталып жаткандыктан таратыла электигин кошумчалады. Бекер ресиверлерди ала турган кишилер райондогу социалдык коргоо органдары тарабынан аныкталат.

Социалдык пакетке кирген телеканалдарды DVB-T2 форматында толкунду кабыл алган телевизорлор жана ресиверлер аркылуу көрсө болот. Учурда анда КТРК, "Маданият", "Баластан", "ЭлТР", "Мир", "Пятый канал" жана "Пирамида" каналдары бар.

Жалпысынан социалдык пакетте сегиз канал бар – негизги жети канал жана бирөө жергиликтүү. Аймактык телеканалдардын тизмесине Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облусундагылар кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0