Тоо көлдөрүнүн ташып кетип, шаарды каптоо коркунучу азырынча жок

© Влад УшаковТоо көлдөрүнүн ташып кетип, шаарды каптоо коркунучу азырынча жок
Тоо көлдөрүнүн ташып кетип, шаарды каптоо коркунучу азырынча жок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин адисинин айтымында, Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарындагы көлдөрдү учурда көк муз каптап, тоңуп турат. Алар июлдун аягынан, августтун башынан тарта ээрип башташы мүмкүн.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Чүй облусундагы тоо көлдөрүнүн жырылып кетүү коркунучу учурда жок экенин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаментинин директору Турдубек Ажыбаев Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-16-июнь күндөрү аба ырайы кескин ысый тургандыктан дарыялардын деңгээли көтөрүлөрүн эскерткен болчу.

Ажыбаевдин айтымында, бүгүнкү күнү бийик тоолуу аймактардагы көлдөрду муз каптап, тоңуп турат. 

"Азыр көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучу жок. Алар июлдун аягында августтун башынан тарта ээрип башташы мүмкүн. 3000 метр бийиктиктеги көлдөр али ээрий элек", — деди ал.

Учурда тоо көлдөрүнө көзөмөлдөө жүрүп жатканын айткан директор, августтан баштап тик учак менен көлдөрдүн абалы байкоого алынып, изилдене турганын кошумчалады. 

Орточо бийиктиктеги мөңгүлөрдүн ээришинен улам, дарыялардагы суу кирип жатканын Ажыбаев белгиледи.

"Дарыяларга суунун кирип жатышынын бийик тоолуу аймакта жайгашкан көлдөргө эч кандай тиешеси жок", — дейт департаменттин директору.

ӨКМ: Кыргызстанда кооптуулук жараткан бир топ көлдөр бар
Акыркы изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын аймагында жырылып кетүү коркунучу жогору болгон 29 көл бар. Аларга биринчи жана экинчи даражадагы жырылып кетүү коркунучу бар деген аныктама берилген. Талас облусунда — 1; Чүйдө — 8; Ысык-Көлдө — 8; Нарын облусунун аймактарынын изилденген бөлүгүндө — 5; Ошто — 5 көл жана Баткен облусунда — 2 көл кооптуу деп табылган. 

Буга чейин да тоо сууларынын нугунан чыгып кеткендиги туурасында маалыматтар таралып, коомчулукта дүрбөлөң жаралган учурлар болгон. Тактап айтканда, 2012-жылдын июль айында Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан Ала-Арча дарыясынын нугу кескин түрдө көтөрүлгөндүктөн, шаардыктар арасында "көл жырылып кетти" деген имиштер тарап кеткен. Абалга мониторинг жүргүзүү үчүн ӨКМдин ыкчам тобу барып, жеринен маалымат берип элди тынчтандырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0