Статкомитет кыргызстандыктардын этникалык курамын жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековКалпак кийген кишилер Бишкекте. Архив
Калпак кийген кишилер Бишкекте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы статистикалык мекеме Кыргызстандын 2015-жылга карата калктын этникалык курамы тууралуу маалыматты жарыялады.

БИШКЕК, 12-июль — Sputnik. Кыргыз улутундагы жарандардын саны башка улуттарга салыштырмалуу 72,8 пайызды түзөрүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Сегиз айда Кыргызстандын калкы 77 миң кишиге көбөйгөн
Маалыматка ылайык, 2009-жылдан бери бул көрсөткүч эки пайызга жогорулаган. 

Орус улутундагы жарандардын саны, тескерисинче, 6,4 пайыздан 6,2 пайызга кыскарган. Бул акыркы алты жыл аралыгындагы көрсөткүч.

Өзбек улутундагылардын саны өзгөрүүсүз – 14,5 пайыз боюнча калган. Саны боюнча өзбектер Кыргызстанда жашаган этностордун ичинде экинчи орунда турат.

Дунган улутундагы жарандар жалпы калктын 1,1 пайызын, тажик менен уйгурлар 0,9, түрктөр 0,7, казактар 0,6 пайызды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0