Өлкөдө ажырашкандардын саны кыскарып, үйлөнгөндөр да азаюуда

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүТой автоунаалары. Архив
Той автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан апрель айына чейинки аралыкта никеге туруу менен ажырашуулардын саны кыскарып кеткенин Улуттук статистикалык комитет билдирет.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып апрелге чейинки аралыкта катталган никенин саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жети пайызга кыскарып кеткен. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Муну менен бирге ажырашкандар да үч пайызга азайганы да белгилүү болду.

Свадьба на Воробьевых горах - Sputnik Кыргызстан
КРде үйлөнүү кортежинин узундугу жана авто жарыштар үчүн жаза колдонулат
Аталган комитеттин билдирүүсүндө быйылкы жылдын алгачкы төрт айында өлкө ичинде 16 миң 654 нике катталган. 2014-жылы бул көрсөткүч 17 миң 996га жеткен. Үйлөнгөндөрүн саны дээрлик Кыргызстан боюнча азайган. Никеге тургандардын саны Бишкек шаарында гана өскүнүн статистика комитетит билдирди.

2014-жылы 3 миң 173 ажырашуу катталса, быйылкы жылы былтыркыга караганда 103кө аз ажырашуу болгон.

Статкомитеттин маалыматында, ажырашуулардын саны Баткен жана Ысык-Көл облустарында көбүрөөк экени байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0