Быйыл 3000ге чукул жол кырсыгы 41 баланын өмүрүн алган

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЖол көрсөткүчү. Архив
Жол көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер былтыр 609 жол кырсыгы катталып, андан 52 бала көз жумса, быйыл кырсык 5,7 пайызга азайып, курман болгон балдардын саны 41ге жеткен.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыгынын азайганын ИИМ Жол кайгуул кызматы билдирет.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Красноярскидеги жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 6,1 пайызга төмөндөгөн, башкача айтканда өткөн жылы 3207 окуя катталса, быйыл 3011 жол кырсыгы болгон. Мындан адам өлүмүнүн саны да сегиз пайызга кыскарган.

Талдоонун жыйынтыгы бул жылы балдар катышкан жол кырсыктарынын саны азайганын көрсөтүүдө. Эгер былтыр 609 жол кырсыгы катталып, андан 52 бала көз жумса, быйыл кырсык 5,7 пайызга азайып, окуя кесепетинен 41 бала каза болгон. Мындан тышкары, быйыл былтыркыга караганда жаракат алган балдардын саны алтыга кыскарган.

Жол кайгуул кызматы жол кырсыктарына карата талдоону республикада түзүлгөн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды эске алуу менен жүргүзгөнүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0