Кыргызстанда бала бакчалардын 100 түрү пайда болот

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун алкагында бала бакчалар тандалып, тийиштүү материал, эмерек, окуу куралдары менен камсыздалат.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын "Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү" долбоорунун алкагында 2016-жылы 100 вариативдүү бала бакча ачууну пландап жатканын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Ошто бала бакчалар капыстан текшерилди
Маалыматка ылайык, "вариативдүү бала бакча" бул мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай түрлөрү болуп саналат. Бул кыска мөөнөттү, үй-бүлөлүк, кичи бала бакча, жеке менчик бала бакчалар болушу мүмкүн.

Вариативдүү бала бакчаларды кенен түшүндүрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү үчүн маалыматтык кампания өткөрүлдү.

Аталган долбоордун алкагында бала бакчалар тандалып, тийиштүү материал, эмерек, окуу куралдар менен камсыз болот.

Мындан тышкары атайын окутуулар өткөрүлүп, муктаждык жаралса, бала бакчалардын санитардык-тазалык шарты жакшырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0