Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна жаңысы курулат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМечиттин курулушу. Архив
Мечиттин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы мечитти Сауд Арабиясынын курулуш компаниясы салып, каражатты "Ихсан хойрия" кайрымдуулук фонду бөлөт.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Бишкек шаарындагы борбордук мечиттин ордуна жаңы мечит жана шаардык казыят курулат. Бул туурасында Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Мечитти салууга каражатты "Ихсан хойрия" кайрымдуулук фонду бөлөт. Курула турган борбордук жаңы мечитке 7000 киши батат. 

"Ал эки кабаттуу жана бийиктиги 40 метрден жогору эки мунаралуу болот. Мечиттин биринчи кабатынын бийиктиги жети метрди түзөт. Андан сырткары, автоунааларды коюучу жай да салынат", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Жаңы мечитти Сауд Арабиясынын курулуш компаниясы курмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0