Чек арачыларды маалымат каражаттары менен иштөөнү үйрөтүп жатышат

Жазылуу
Иш-чаранын катышуучуларын ЖМК менен байланышты жөнгө салуучу мыйзамдар менен тааныштырышты.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын түштүк аймагынын офицерлери маалымат каражаттары менен иштешүүгө үйрөнө тургандыктарын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Чек арачылар менен психологдор иштей баштады
Иш-чара ОБСЕ тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте "КР өкмөтүнө 2015-жылы чек ара коопсуздугу чөйрөсүндөгү аймактык кызматташуу багытында колдоо көрсөтүү" долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат. 

Тренингдин негизги максаты — Чек ара офицерлеринин чек ара коопсуздугунда бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүүсү үчүн коммуникациялык өз ара байланыштын деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. 

Маалыматка ылайык, офицерлер кырдаалга ылайык интервью берүү, брифинг, скайп-сессия, ток-шоу уюштуруунун ыкмаларын иш жүзүндө өйрөнүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0